Кытай Эл Республикасында чек аралык көзөмөл системасын ишке ашыруу боюнча жумушчу жолугушуу өттү
Жолугушууга кытай жана кыргыз тараптары, ошондой эле техникалык өнөктөш Jiutong компаниясы катышты. Тараптар программалык системаларды интеграциялоо, интеллектуалдык бажы пломбаларын сыноодон өткөрүү жана долбоорду ишке ашыруунун негизги этаптарын талкуулашты.
Ошондой эле техникалык талаптар, өз ара аракеттенүү механизмдери, маалыматтык коопсуздук жана маалыматтарды сактоо маселелери макулдашылды.
Мындан тышкары, пилоттук ишке киргизүү жана системаны кеңири масштабда колдонуу пландары каралып, бул чаралар өлкөлөр ортосундагы бажы процесстеринин натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатууга багытталганы белгиленди.
«Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК чек аралык логистиканы өнүктүрүү жана санариптештирүү багытындагы иштерди улантууда.

