Мазмунга өтүү

ЕАЭБ1 мүнөттүк окуу

ЕАЭБ алкагында навигациялык пломбаларды киргизүү боюнча жумушчу жыйын

Мамлекеттик органдардын жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 11-февралынан тартып ЕАЭБ алкагында жүктөрдү ташууну навигациялык пломбаларды колдонуу аркылуу көзөмөлдөө тутумун практикалык ишке киргизүү маселелери талкууланды.

ТЭИ катышуучуларына көзөмөлгө алынуучу товарлардын категориялары, негизги талаптар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында навигациялык пломбаларды орнотуу жана чечүү тартиби боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

ААК «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» улуттук оператор катары тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына маалыматтык колдоо көрсөтүүнү жана консультация берүүнү улантат.

Темалар жана жаңылыктын шилтемеси

Бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Бардык жаңылыктар