ЕАЭБ алкагында электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу башталды
2026 жылдын 11-февралында Евразия экономикалык бирлигинин алкагында эки жана андан көп мүчө мамлекеттин аймагынан өтүүчү жүк ташуулар үчүн электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу расмий түрдө башталды.
«Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК адистери алгачкы эл аралык жүктөргө пломбаларды иш жүзүндө орнотушту. Процесс штаттык режимде өттү.
Буга чейин механизм Кыргыз Республикасынын ичинде колдонулуп келген. Бүгүнтөн тартып система ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык форматта иштей баштады.
Биринчи этапта милдеттүү көзөмөлгө алынат:
- алкоголдук жана тамеки продукциясы
- кийим-кече, бут кийим жана электрониканын айрым категориялары
- атайын экономикалык чаралар колдонулган товарлар
Пломбаны орнотуу же чечүү тартиби 15 мүнөттөн ашпайт.
Системаны киргизүү жүк ташуулардын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга, көзөмөл жол-жоболорун кыскартууга жана жеткирүү мөөнөттөрүн тездетүүгө багытталган.

