2026-жылдын 11-февралынан баштап ЕАЭБнын аймагында навигациялык пломбалар аркылуу жүк ташууларды көзөмөлдөө ишке киргизилет!
2026-жылдын 11-февралынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин эки же андан көп мүчө мамлекеттеринин аймагында жүк ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу башталат.

Баштапкы этапта, 2026-жылдын февраль-март айларында милдеттүү түрдө көзөмөлдөнө турган ташуулар:
- алкоголдук жана тамеки продукциясы;
- кийим-кече, бут кийим жана электрониканын айрым категориялары;
- санкцияга алынган товарлар.
Андан ары ЕАЭБдин алкагындагы өз ара соодада жана бажы жол-жоболорунда ташылып жаткан бардык товардык позицияларды навигациялык пломбалар менен этап-этабы менен камтуу каралууда.
Навигациялык пломбаларды киргизүү жүк ташуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатууга, көзөмөлдүк процедураларды азайтууга, автомобиль жана темир жол транспорту менен жүк жеткирүү мөөнөттөрүн кыскартууга багытталган.
ЕАЭБ алкагындагы жүк ташууларды көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасында улуттук оператор катары «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК аныкталган.
Көзөмөлдөө процедурасы ташуунун түрүнө жараша жүк ташуучуларды көзөмөлдөөчү органдарга (КР МК караштуу МСК жана МБК) алдын ала кайрылып, документтерди тапшыруусун жана сапарды тариздөөнү талап кылат.
Кыргыз Республикасында навигациялык пломбаларды түздөн-түз орнотуу жайлары:
- Чалдыбар, Ак-Жол, Ак-Тилек, Чоң-Капка, Каркыpа өткөрүү пункттарына жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу пункттары же бажы тариздөө жайлары;
- Темир жол станциялары: Бишкек-1, Аламүдүн, Рыбачье, Кара-Балта, Каинды, Беловодск, Шопоково, Кант жана Токмок.
Товарларды импорттоодо навигациялык пломбаларды алуу жайлары:
- товар алуучунун аймагы же бажы тариздөө жайлары;
- жогоруда көрсөтүлгөн темир жол станциялары.
Навигациялык пломбаларды коюу/чечүү жол-жобосу 20 мүнөттөн ашпайт.
Улуттук оператор «МБИ» ААК тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын толук маалымдоо үчүн бардык зарыл шарттарды түзгөнүн эске салат жана толук, кеңири маалымат алуу максатында Мониторинг жана талдоо борборунун Колл-борборуна (24/7) кайрылууга чакырат:
Тел.: 1205 («Кыргызтелеком»ААКтын абоненттери үчүн)
Тел.: +996 552 563401 (мобилдик жана эл аралык байланыштар үчүн, WhatsApp, Telegram, MAX мессенджерлерин колдойт)
Электрондук почта: monitoring@gti.kg
