Мазмунга өтүү

ЕАЭБ2 мүнөттүк окуу

ЕАЭБ алкагында электрондук навигациялык пломбаларды (ЭНП) орнотуу боюнча пилоттук долбоор ишке кирди

ЕАЭБ алкагында электрондук навигациялык пломбаларды (ЭНП) орнотуу боюнча пилоттук долбоор ишке кирди

Бишкек — ЕАЭБ боюнча навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүктөрдү көзөмөлдөө тууралуу Макулдашуунун алкагында, 2025-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматы менен Казак Республикасынын Финансы министрлиги алдындагы Мамлекеттик кирешелер комитети ортосунда Меморандумга кол коюлган, анын алкагында 2025-жылдын 1-декабрынан баштап навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүктөрдү көзөмөлдөөнүн пилоттук долбоору ишин баштады.

Бүгүнкү күндө КРнын Улуттук оператору («МБИ» ААК) тарабынан эки жүк ташуучу унаага пломбаларды тагып, онлайн көзөмөлдөөнү баштады. Алар «Ак-Тилек» өткөрүү пунктунан казак-орус чек арасындагы «Сырым» өткөрмө пунктуна чейин барат, ал жерде пломбаны Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин карамагындагы Мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери чечет. Тараптардын макулдашуусуна ылайык, Кыргызстандан Казакстанга транзиттик жүктөрдү ташуулардын негизги багыттары Казакстан-Россия Федерациясынын чек арасындагы өткөрмө пункттары, ал эми Казакстан Республикасына гана жөнөтүлгөн жүк үчүн — Алматы шаарынын аймагы саналат. Ошондой эле, Кыргыз Республикасы багытына карата көзөмөлдөнүүчү каттамдар каралган, анда пломбаларды чечүүчү жер Бишкек шаарынын аймагы болот.

Пилоттук долбоор 2025-жылдын 1-декабрынан 2026-жылдын 15-январына чейин өткөрүлөт жана товарлардын бардык түрлөрү үчүн пломбаларды колдонуу ыктыярдуу жана акысыз. Пилоттук долбоорго катышуу үчүн ташуучулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматына же Кыргыз Республикасынын улуттук операторуна кайрылса болот.

Пилоттук долбоордун негизги максаттары жана милдеттери:

  • Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын көзөмөл органдарынын практикалык өз ара аракеттенүү ишин иштеп чыгуу.
  • Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын улуттук операторлорунун практикалык өз ара аракеттенүү ишин иштеп чыгуу.
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматы органынын, Кыргыз Республикасынын улуттук операторунун жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүү ишин иштеп чыгуу.

Белгилей кетсек, ЕЭК Кеңешинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 84 чечимине ылайык, ЕАЭБ боюнча ташууларды көзөмөлдөө расмий түрдө 2026-жылдын 11-февралынан башталат жана бул ЕАЭБдин транспорттук-логистикалык процесстерин санариптештирүүдөгү кезектеги кадам болот.

Сүрөттөр · 5

Темалар жана жаңылыктын шилтемеси

Бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Бардык жаңылыктар