Электрондук навигациялык пломбалар: жүк ташуулардагы жаңы талаптар
Бүгүн «Биринчи радионун» түз эфиринде «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКнын өкүлдөрү электрондук навигациялык пломбаларды (ЭНП) колдонуу боюнча түшүндүрмө беришти.

Эфирде электрондук навигациялык пломбалардын максаты, ЕАЭБде киргизилиши, жүк ташуулардагы ролу, бизнеске тийгизген таасири, маалыматтын коопсуздугу жана 2026-жылдын 11-февралынан тартып милдеттүү көзөмөлгө алынуучу товарлар тууралуу суроолор талкууланды.
Түз эфир ишкерлер менен ачык диалог жүргүзүүгө жана жаңы талаптарды кеңири түшүндүрүүгө багытталды.




