2026-жылдын 11-февралынан тартып ЕАЭБде навигациялык пломбалар колдонулат
2026-жылдын 11-февралынан тартып Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) эки же андан көп мүчө мамлекеттин аймагы аркылуу жүзөгө ашырылган жүк ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу башталат.

2022-жылдын 19-апрелинде кол коюлган «Евразия экономикалык биримдигинде жүк ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө» макулдашууну ишке ашыруунун алкагында «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ алкагындагы жүк ташууларды көзөмөлдөө боюнча улуттук оператору катары аныкталган. Жүк ташууларды көзөмөлдөө улуттук оператордун Мониторинг жана талдоо борбору тарабынан маалыматтык система жана жүк бөлүктөрүнүн жабуучу түзүлүштөрүнө орнотулуучу навигациялык пломбалар аркылуу күнү-түнү жүргүзүлөт. Бул система транспорт каражаттарынын жүрүү багытын көзөмөлдөөгө жана күтүлбөгөн жагдайларга ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет.
Улуттук оператор тарабынан навигациялык пломбаны орнотуу жол-жобосу 15 мүнөттөн ашпайт.
2026-жылдын 11-февралынан тартып спирт ичимдиктери жана тамеки продукциясы, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталган айрым товарлардын категориялары милдеттүү түрдө көзөмөлгө алынат. Мындан ары ЕАЭБ алкагындагы өз ара соода жана бажы жол-жоболору боюнча ташылып жаткан бардык товардык позицияларды навигациялык пломбалар менен этап-этабы менен камтуу каралган.
Навигациялык пломбаларды киргизүү жүк ташуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатууга, контролдук жол-жоболорду кыскартууга жана автомобиль жана темир жол транспорту менен жүк жеткирүүнүн мөөнөттөрүн кыскартууга багытталган.
Тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышуучулар үчүн кошумча маалыматтар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын жана «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК расмий интернет-ресурстарында жайгаштырылат. Консультациялар улуттук оператордун бирдиктүү кол-борборунун 1205 номери аркылуу берилет.

