Мазмунга өтүү

Программалык продуктылар2 мүнөттүк окуу

«Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКсы санариптик фундаментин бекемдөөдө: «Кант» УСКсы үчүн «АТКны издөө» функциясы киргизилди

2025-жылдын 22-октябрында «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ачык акционердик коому («МБИ» ААК) «Кант» Убактылуу сактоо кампасы (УСК) үчүн «АТКны издөө» жаңы онлайн-функциясынын ишке киргизилгендигин маалымдайт.

Видео · 0:48

Сапаты

Бул чара тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн (ТЭИ) катышуучуларынын автотранспорт каражаттарын (АТК) сактоо жана жайгаштырууга байланышкан терминалдын кызмат көрсөтүү процедураларын оптималдаштыруу боюнча жалпы стратегиянын алкагында ишке ашырылды.

Негизги артыкчылыгы: «АТКны издөө» функциясы ТЭИнин катышуучуларына «МБИ» ААКнын расмий сайтын колдонуп, «Кант» УСКнын терминалынын аймагындагы автотранспорт каражаттын так жайгашкан жерин тез арада аныктоого мүмкүндүк берет. Бул физикалык издөөгө убакыт коротуу зарылдыгын жок кылат, ал эми бул болсо терминалдын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн тездетүүдө маанилүү фактор болуп саналат.

«АТКны издөө» функциясын кантип колдонуу керек:

АТКнын жайгашкан жери тууралуу маалымат алуу үчүн www.gti.kg сайтында бир нече жөнөкөй кадамдарды аткаруу керек:

1-кадам. Атайын QR-кодду сканерлеңиз же www.gti.kg сайтынын башкы бетиндеги «Издөө» бөлүмүнө өтүңүз.

2-кадам. Транспорт каражатынын түрүн тандаңыз.

3-кадам. Издөө үчүн АТКнын идентификациялык маалыматтарын киргизиңиз.

4-Кадам. «Издөө» баскычын басыңыз.

«МБИ» ААКсы бардык ТЭИнин катышуучуларын логистикалык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жаңы сервисти активдүү колдонууга чакырат.

Сүрөттөр · 1

Темалар жана жаңылыктын шилтемеси

Бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Бардык жаңылыктар