«Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКсы системага кошулду

2025-жылдын 12-октябрынан баштап «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» (МБИ) ААКда «Пикирлер» (Отзывы) мамлекеттик маалыматтык системасы ийгиликтүү ишке киргизилди. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Министрлер Кабинетинин тапшырмасы менен иштелип чыккан бул жаңы санариптик аянтча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачыктыгын, айкындыгын жана кардарларга багытталгандыгын жогорулатуу үчүн иштелип чыккан.
«Пикирлер» бирдиктүү маалыматтык системасы Коомдун кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын баалоо үчүн арналган. Бул аянтча тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына жана «МБИ» ААКнын кызматтарын пайдалануучулардын бардыгына инфраструктуралык объектилердин (бажы терминалдары, убактылуу сактоо кампалары ж.б.) ишин ыкчам көзөмөлдөөгө жана баалоого мүмкүндүк берет.
«МБИ» ААКнын объекттеринде кайтарым байланышты камсыздоо үчүн үч жөнөкөй кадамды аткаруу жетиштүү:
- «МБИ» ААКнын расмий тейлөө зоналарында жана маалыматтык стенддеринде жайгаштырылган QR-кодду сканерлөө.
- Авторизациядан өтүү жана стандартташтырылган баалоо формасын толтуруу (беш баллдык шкала боюнча).
- Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча конструктивдүү сунуштар менен комментарий калтыруу.
Сиздин бааларыңыз жана сын-пикирлериңиз биздин ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун камсыз кылып, башкаруу чечимдерин кабыл алууда башкы элемент болот. Биз инфраструктураны жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын тынымсыз жакшыртууга умтулабыз, бул процессти бардык колдонуучулар үчүн максималдуу ыңгайлуу кылып жатабыз.



