«Торугарт» өткөрмө пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасы киргизилип, «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК тарабынан инфраструктураны модернизациялоо иштери улантылууда
Кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесине болгон жумушчу сапардын алкагында мамлекеттик органдардын жетекчилери жана өкүлдөрү жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоорунун ишке киргизилиши жана өткөрмө пункттун инфраструктурасын жаңылоо иштеринин жүрүшү менен таанышышты.
Иш-чарага төмөнкү жетекчилер катышты:
- Кыялбек Мукашев — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
- Нурбек Алимов — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын «Нарын» бажысынын башчысы;
- Жолдошбек Чукуев — Нарын облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратындагы коомдук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
- Рустам Миршакиров — Нарын облусу боюнча «Тайлак Баатыр» атындагы Чек ара кызматынын башкармалыгынын башчысы (аскер бөлүгү 2025);
- Айбек Абдракманов — «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКнын башкы директорунун орун басары;
- Нурбек Абдылдабеков — «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКнын башкы директорунун орун басары.
Сапардын жүрүшүндө катышуучулар жүк ташуучу автотранспорт каражаттары үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоорунун жыйынтыктары менен таанышышты. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-июлундагы №401 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүүнүн 2026–2030-жылдарга карата концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чараларга ылайык «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК тарабынан жүзөгө ашырылууда.
Электрондук кезек системасын киргизүү эл аралык маанидеги негизги транспорттук коридорлордун биринде жүк ташуучу унаалардын кыймылын тартипке келтирүүгө багытталган маанилүү кадам болду. Буга чейин «Торугарт» өткөрмө пунктунун аймагында узун кезектер байма-бай пайда болуп, айрым учурларда алардын узундугу 25 чакырымга чейин жеткен, бул жол инфраструктурасына чоң жүк түшүрүп, Чатыр-Көл аймагындагы экологиялык абалга да терс таасирин тийгизген.
Жаңы система жүк ташуучу унааларды алдын ала каттоону жана электрондук кезекти түзүүнү карайт. Унаалар атайын уюштурулган «Кара-Булак» күтүү аймагында жайгаштырылып, белгиленген электрондук тартипке ылайык этап-этабы менен өткөрмө пунктка жөнөтүлөт.
Бул механизм төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайт:
- өткөрмө пункттун аймагында унаалардын топтолушун алдын алуу;
- жолдорго түшкөн жүктү азайтуу;
- жүк ташуучу унаалардын агымын тең салмактуу бөлүштүрүү;
- мамлекеттик чек арадан өтүүнүн ачыктыгын жана алдын ала божомолдоону камсыз кылуу.
Долбоор «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК тарабынан чек ара инфраструктурасын комплекстүү модернизациялоо алкагында ишке ашырылып, эл аралык транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, экспорт-импорт операцияларынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.
Жумушчу сапардын жүрүшүндө делегация инспекциялык-көзөмөл комплексинин курулушу, административдик имараттарды реконструкциялоо жана өткөрмө пункттун аймагын кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен да таанышты.
Мындан тышкары, сапардын алкагында тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары үчүн жаңы күтүү залы ачылды, ал «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК тарабынан курулуп жана жабдылган.
Бул инфраструктуралык жана санариптик долбоорлор Кыргыз Республикасынын өткөрмө пункттарын модернизациялоодо маанилүү этап болуп, мамлекеттик чек аранын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, сооданы өнүктүрүүгө жана өлкөнүн транзиттик потенциалын чыңдоого өбөлгө түзөт.



