«МБИ» ААК кызматкерлери бажы кызматынын спартакиадасында байгелүү орундарга ээ болушту
«Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин арасында өткөрүлгөн спартакиадага катышып, спорттун бир нече түрү боюнча ийгиликтүү жыйынтыктарды көрсөтүштү.

Мелдештердин жыйынтыгында «МБИ» ААК өкүлдөрү төмөнкүдөй байгелүү орундарга ээ болушту:
Шахмат — 1-орун.
Волейбол (аялдар арасында) — 2-орун.
Стол тенниси — 3-орун.
Аркан тартыш — 3-орун.
Гиря көтөрүү (аялдар арасында) — 3-орун.
Мындай спорттук иш-чаралар кызматкерлердин ортосундагы командалык ынтымакты бекемдөөгө, корпоративдик маданиятты өнүктүрүүгө жана сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө түзөт.
«Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК жамааты кесиптештерибизди жетишкендиктери менен куттуктап, аларга мындан аркы ийгиликтерди, жаңы жеңиштерди жана спорттук бийиктиктерди багындырууну каалайт!
Сүрөттөр · 4
- «МБИ» ААК кызматкерлери бажы кызматынын спартакиадасында байгелүү орундарга ээ болушту, сүрөт 1, жалпысы 4

- «МБИ» ААК кызматкерлери бажы кызматынын спартакиадасында байгелүү орундарга ээ болушту, сүрөт 2, жалпысы 4

- «МБИ» ААК кызматкерлери бажы кызматынын спартакиадасында байгелүү орундарга ээ болушту, сүрөт 3, жалпысы 4

- «МБИ» ААК кызматкерлери бажы кызматынын спартакиадасында байгелүү орундарга ээ болушту, сүрөт 4, жалпысы 4




