«Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКсы кызматкерлери арасында жолдоштук футбол матчын өткөрдү

Бишкек — 2025-жылдын 25-октябрында спорт аянтчада «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ачык акционердик коому тарабынан уюштурулган достук футбол матчы ийгиликтүү болуп өттү. Иш-чара кызматкерлердин командалык рухун бекемдөөгө жана сергек жашоо образын колдоого багытталган корпоративдик программанын алкагында өткөрүлдү.
Спорттук таймашка ААКнын борбордук аппаратынын, ошондой эле Чыгыш жана Түштүк филиалдарынын кызматкерлеринен түзүлгөн сегиз команда катышты. Оюн сергек атаандаштык, достук жана өз ара урматтоо маанайында өтүп, иштеген жерине карабастан жамааттын биримдигин көрсөттү.
«Турнир кесиптештердин ортосундагы жөн гана таймаш үчүн эмес, командалык рух, бизди бириктирген достук жана энергия үчүн уюштурулду! Футбол-бул жөн гана спорт эмес. Бул чогуу иштөө, бири-бирине ишенүү жана жалпы натыйжага умтулуу канчалык маанилүү экендигинин үлгүсү. Анткени, жумушта да, спорт талаасында да ийгилик ар бир оюнчудан, команданын колдоосунан жана аягына чейин баруу максатынан көз каранды!», -деп белгиледи «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКнын башкы директору.
Спорт жана баарлашуу майрамына айланган матчтын жыйынтыгында достук жана жакшы маанай жеңишке жетти. Катышуучулар келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө оң таасирин тийгизе турган күчтүү энергия жана позитивдүү эмоцияларга ээ болушту.
«Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКнын жетекчилиги бардык катышуучуларга жана күйөрмандарга активдүү катышкандыгы жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирет. Компания мындан ары да ушундай корпоративдик спорттук иш-чараларды өткөрүү салтын улантууну пландаштырууда.
Сүрөттөр · 10
- «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКсы кызматкерлери арасында жолдоштук футбол матчын өткөрдү, сүрөт 1, жалпысы 10

- «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКсы кызматкерлери арасында жолдоштук футбол матчын өткөрдү, сүрөт 2, жалпысы 10

- «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКсы кызматкерлери арасында жолдоштук футбол матчын өткөрдү, сүрөт 3, жалпысы 10

- «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКсы кызматкерлери арасында жолдоштук футбол матчын өткөрдү, сүрөт 4, жалпысы 10

- «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКсы кызматкерлери арасында жолдоштук футбол матчын өткөрдү, сүрөт 5, жалпысы 10

- Дагы 5 сүрөт. Чоңойтуп көрүү

- «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКсы кызматкерлери арасында жолдоштук футбол матчын өткөрдү, сүрөт 7, жалпысы 10

- «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКсы кызматкерлери арасында жолдоштук футбол матчын өткөрдү, сүрөт 8, жалпысы 10

- «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКсы кызматкерлери арасында жолдоштук футбол матчын өткөрдү, сүрөт 9, жалпысы 10

- «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКсы кызматкерлери арасында жолдоштук футбол матчын өткөрдү, сүрөт 10, жалпысы 10




