Ош облусундагы «Каратай» терминалында инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер аяктады

Ош — Ош облусунда жайгашкан «Каратай» терминалынын аймагында жол инфраструктурасы боюнча комплекстүү иштер толугу менен аяктады. Бул иш-чаралар жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлдү.
2025-жылдын 23-октябрынан 11-ноябрына чейинки мезгилде терминалдын аймагында жол төшөлмөсүн асфальттоо жана бетондоо боюнча олуттуу көлөмдөгү жумуштар аткарылды. Жүргүзүлгөн оңдоо иштердин натыйжасында жолдордун сапаты заманбап стандарттарга ылайык кыйла жакшыртылды. Терминалдын бардык аймагына шагыл төгүлүп жатат, бул кошумча унаа токтотуучу жайларды камсыздайт. Коопсуздук максатында ФСК блоктору терминалдын тосмосун бойлото орнотулган.
Учурда терминалдын жолу автотранспорттун үзгүлтүксүз жана коопсуз жүрүүсү үчүн толугу менен даяр. Жаңыланган инфраструктура тыгындарды азайтууга жана терминалдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Сүрөттөр · 5
- Ош облусундагы «Каратай» терминалында инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер аяктады, сүрөт 1, жалпысы 5

- Ош облусундагы «Каратай» терминалында инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер аяктады, сүрөт 2, жалпысы 5

- Ош облусундагы «Каратай» терминалында инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер аяктады, сүрөт 3, жалпысы 5

- Ош облусундагы «Каратай» терминалында инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер аяктады, сүрөт 4, жалпысы 5

- Ош облусундагы «Каратай» терминалында инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер аяктады, сүрөт 5, жалпысы 5




