Мазмунга өтүү

Инфраструктура объекттери1 мүнөттүк окуу

«Кант» УСКнын модернизациясы соңку этабына чыкты: аймакты модернизациялоо боюнча масштабдуу жумуштар кийинки жумада аяктайт

Видео · 0:12

Сапаты

Кант — «Кант» убактылуу сактоо кампасынын аймагында инфраструктураны жакшыртуу жана модернизациялоо боюнча ири көлөмдөгү иштердин акыркы этабы кызуу жүрүүдө. Долбоордун максаты- тейлөөнүн сапатын жана ылдамдыгын жогорулатуу, ошондой эле кардарлар жана өнөктөштөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Учурдагы этаптын алкагында бир катар олуттуу ийгиликтерге жетишилди:

  • Бетондоо: 2025-жылдын башынан тартып «Кант» УСКнын аймагында модернизациялоо программасынын алкагында жалпы аянты 10 000 чарчы метрди түзгөн бетондоо иштери аткарылды. Бул жумуштар бекитилген графикке ылайык улантылууда.
  • Асфальттоо: Өзгөчө көңүл «Унаа» объектисине арналган аянтка бурулууда. Бул жерде аянты 2 гектарды түзгөн аймак толугу менен асфальтталды. Дагы 1,4 гектарды асфальттоо иштери аяктоо процессинде турат.

Жогоруда көрсөтүлгөн иштердин баары -анын ичинде калган 1000 чарчы метр бетондоо жана 1,4 гектар асфальттоо иштери кийинки жуманын ичинде толугу менен бүтүрүү пландаштырылууда.

«Кант» УСКнын модернизациясы — бул региондо логистикалык жана бажы кызматтарынын сапатын жакшыртуу боюнча компаниянын стратегиялык өнүгүү планын бир бөлүгү болуп саналат.

Сүрөттөр · 10

Темалар жана жаңылыктын шилтемеси

Бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Бардык жаңылыктар